Россия Федерациясынын Президентинин «Жаңы коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылышынын кесепеттерин жоюу мезгилинде Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун чечүү боюнча убактылуу чаралар жөнүндө» Жарлыгы.

2515

2021-жылдын 15-июнунда Россия Федерациясынын Президентинин «Жаңы коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылышынын кесепеттерин жоюу мезгилинде Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун чечүү боюнча убактылуу чаралар жөнүндө» Жарлыгы чыккан.

Указга ылайык, 2020-жылдын 15-мартына жана 2021-жылдын 15-июнуна чейин Россия Федерациясынын аймагында болгон жана өзүнүн укуктук статусун мыйзамдаштырбаган  (легалдаштырбаган) Кыргыз Республикасынын жарандары, 2021-жылдын 30-сентябрына чейин Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин миграция боюнча аймактык бөлүмдөрүнө миграциялык каттоого турбагандыгынын себептерин түшүндүргөн арыз жана каттоодон өткөрүү жөнүндө өтүнүчү менен кайрыла алышат.

Миграциялык каттоого туруу үчүн арыз берип жаткан учурда, сөзсүз түрдө, иш берүүчү менен расмий эмгек же жарандык-укуктук келишими болуусу зарыл.

Белгилей кетүүчү нерсе, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын жарандары, Россия Федерациясына келүү максатын эске албай жумуш берүүчү менен эмгек же жарандык-укуктук келишимдерди түзүүгө укуктуу (бул убактылуу чара болуп саналат).

Буга чейин миграциалык мыйзамдарды бузган жарандар айып пулдарын төлөөсү керек. Мурда экиден ашык административдик укук бузууларга тартылган, ошондой эле өлкөдөн чыгаруу жөнүндө чечимдер кабыл алынган адамдар, өз ыктыяры менен 2021-жылдын 30-сентябрына чейин Россия Федерациясынын аймагынан чыгып кетүүсү зарыл.

Башкы консулдук КРнын жарандарынан ушул берилген мүмкүнчүлүктөн убагында пайдаланып, Россия Федерациясынын аймагында өзүнүн жүрүүсүн  мыйзамдаштырууга багытталган бардык жол-жоболорду (эмгек келишимин түзүү, миграциялык каттоо, керек болсо паспортун алмаштыруу / калыбына келтирүү үчүн документтерди Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнө келип тапшыруу ж.б.) 30-сентябрга чейин аткарууну өтүнөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK