Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

2043

Кыргыз Республикасынын Президенти 2021-жылдын 29-августунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгына кол койду. Ага ылайык Кыргызстандын аймагында жана анын чет өлкөдөгү мекемелеринде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.

Сиздердин шайлоо укуктарыңызды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун алдында № 9009 шайлоо участогу түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, биометрикалык каттоодон өткөн жана Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунда консулдук каттоодо турган жарандар тиешелүү участоктогу шайлоочулардын тизмесине кошулат.

Буга байланыштуу, шайлоочулар www.tizme.gov.kg сайтына жайгаштырылган шайлоо участкаларынын тизмесинен өздөрүн тактап алысуу керек. Сурап-билүү үчүн телефондор: +7 (343) 223-68-13.

Эгер кандайдыр бир ката, так эместик табылса же шайлоочу өзүн алдын ала тизмеден таба албаса, 2021-жылдын 12-ноябрына чейин Башкы консулдукка арыз менен кайрылуусу зарыл.

Кыргыз Республикасынын жараны өзү менен кошо өздүгүн тастыктаган документтерди (жалпы жарандык, улуттук паспорт же ID-карта) алып келүүсү шарт.

Шайлоо участогунда жарандарды биометрикалык каттоого алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Арыз түшкөн учурда Башкы консулдук шайлоочуну убактылуу консулдук каттоого турган адам катары каттайт. Мындай каттоо шайлоочу арызында көрсөткөн мөөнөткө шайкеш болот. Ошентип, арыз берген жаран өзү белгилеген убактылуу консулдук каттоо мөөнөтү аягына чыккандан кийин автоматташтырылган система ушул жаранды Башкы консулдуктагы каттоодон чыгарып салышы ыктымал. Ошол себептүү жаран азыркы тапта кайра түзүлуп жаткан шайлоочулардын тизмесине кирбей калышы мүмкүн.

Ушуга байланыштуу шайлоочу өзүн шайлоочулардын тизмесинен 2021-жылдын 12-ноябрына чейин тактап алышын өтүнөбүз.

Консулдук каттоого туруу акысыз жүргүзүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK