Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун 2021-жылдын 2-ноябрындагы пресс – релизи

1738

2021-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Свердлов облусунун Березовский шаарчасындагы «Монетка» борбордук бөлүштүрүү соода тармагында  мекендештер менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Р. Бийбосунов кыргызстандык мекендештерге 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү экендигин эскертти жана  Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун имаратында  шайлоо участогу түзүлгөндүгүн белгиледи.

Р.Бийбосунов мекендештерден өздөрүн Башкы консулдукта илинген шайлоочулардын тизмесинен же www.tizme.gov.kg сайтындагы «Тизме» мамлекеттик порталы аркылуу текшерүүнү өтүндү. Эгерде жаран шайлоочулардын тизмесинде жок болсо, 2021-жылдын 12-ноябрына чейин арыз менен Башкы консулдукка кайрылууну сунуштады. Биометрикалык маалыматтарды каттоо жана чогултуу тартиби тууралуу маалымат берди.

Ал буга чейин мекендештер тарабынан көтөрүлгөн бир катар маселелер бөлүштүрүүчү борбордун жетекчилиги менен талкууланып, чечилгендигин билдирди. Башкы консул мекендештерди Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарын сактоого, келишимдердин негизинде эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө чакырды. Мекендештердин суроолоруна жооп берди.

«Монетка» ББнун жетекчилиги, башкы консулга Кыргызстандын жарандарынын (800гө жакын адам) бөлүштүрүү борборундагы иштөө шарттары боюнча, ошондой эле ишкананын баардык кызматкерлерин бекер эмдөөдөн өткөрүү тууралуу айтып берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK