Эл аралык мигранттар күнү

1823

Жыл сайын 18-декабрь Эл аралык мигранттар күнү катары белгиленет. 1990-жылы бул күнү БУУнун Башкы Ассамблеясы Бардык эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо жөнүндө эл аралык конвенцияны кабыл алган. Эл аралык күн 2000-жылдын 4-декабрында жарыяланган (55/93 резолюциясы).

«1990-жылдын 18-декабрындагы бардык эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча эл аралык конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө» Мыйзамды кабыл алуу менен Кыргыз Республикасы Конвенцияга 2003-жылдын 15-апрелинде кошулган.

Постсоветтик мейкиндикте көп миллиондогон эмгек миграциясы – бул жөнгө салуу кыйын болгон калыптанып калган көрүнүш, бирок мигранттардын укуктук абалын жакшыртуу зарыл. Эмгек миграциясына тартылган өлкөлөрдүн миграциялык мыйзамдары жана стратегиялары бул өлкөлөрдүн эл аралык милдеттенмелерине ылайык келиши керек – миграцияга тиешелүү эл аралык укуктун ченемдерин, ошондой эле аларды ишке ашыруунун кепилдиктерин толук камтышы керек.

Биздин өлкөдө белгилүү бир жагдайлардан улам миграциялык процесстерге көп сандагы адамдар тартылууда. Негизинен бул эмгекке жарамдуу курактагы адамдар, алар өздөрүнүн талыкпаган эмгеги менен өздөрүнө, үй-бүлөсүнө, өлкөсүнө жаңы жашоо курууга умтулуусун көрсөтүп жатышат. Алардын бардыгы Кыргызстандын өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошуп, жергиликтүү деңгээлде социалдык маселелерди чечүүгө көмөктөшүп, социалдык жана башка инфраструктуралык объектилерди курууга, өндүрүш ишканаларын ачууга жана жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшүүдө.

Акыркы жылдары чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргызстандыктар Кыргызстандагы ар кандай долбоорлорго инвестиция салууга чоң кызыгуу көрсөттү, бул миграция менен өнүгүүнүн ортосундагы ачык байланышты далилдеп, ошондой эле ал берген мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтөт. Өз кезегинде мамлекет мындай демилгелерди кубаттап, бардык шарттарды түзүп берет. Буга Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №4 “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” Жарлыгы далил болот, ага ылайык 2021-2030-жылдар мезгилине карата Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын Концепциясы иштелип чыкты жана бекитилди. Бул документ Кыргыз Республикасындагы миграциялык процесстерди жөнгө салууда узак мөөнөттүү көз карашты билдирет. Концепция миграция, өнүктүрүү чөйрөсүндөгү максаттардын, артыкчылыктуу багыттардын, милдеттердин системасын камтып, жана адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоого, Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоого негизделген. Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын максаты миграцияны пайда кылган жана коштогон жагымсыз факторлорду жумшартууга багытталган мамлекеттик программаларды ишке ашыруу аркылуу миграциялык процесстерди турукташтыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын миграциялык потенциалын өнүктүрүүнүн кызыкчылыгы үчүн максималдуу ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасы мамлекеттик органдардын атынан биздин жарандарды – чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарын, өзгөчө биздин мекендештерибиздин басымдуу бөлүгүн түзгөн Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн аймагында иштегендерди колдоо үчүн колдон келгендин баарын жасады жана жасай берет. Кыргызстанда жумуш орундары көбөйүп, жарандарыбыз өз мекенинде, үй-бүлөсү, балдары, ата-энелеринин жанында иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK