Россия Федерациясында чет өлкөлүк жарандарды милдеттүү түрдө медициналык текшерүүдөн жана манжа изин мамлекеттик каттодон өткөрүү жөнүндө жаңы эрежелери жөнүндө

4157

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу, 2021-жылдын 1-июлунда кабыл алынган Россия Федерациясынын №274 «Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө» жана «Россия Федерациясында манжа изин мамлекеттик каттоо жөнүндө» Федералдык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамы (мындан ары - Мыйзам) ушул жылдын 29-декабрынан тартып күчүнө киргендигин маалымдайт.

Аталган мыйзамга ылайык, 2021-жылдын 29-декабрынан баштап Россия Федерациясына визасыз тартипте иштөө үчүн келген чет элдик жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары Россия Федерациясына кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн, ошондой эле манжа изин мамлекеттик каттоо жана сүрөткө тартуу жол жобосунан өтүүгө милдеттендирилет.

Медициналык текшерүү – баңги каражаттарын же психотроптук заттарды врачтын рецебисиз колдонуу фактысы бар же жок экендигин текшерүү, жугуштуу ооруларды, анын ичинде адамдын иммундук жетишсиздигин пайда кылган вирусту (ВИЧ инфекциясы) аныктоону камтыйт. Текшерүүдөн өтүү үчүн чет элдик жаран өздүгүн тастыктаган документти, миграциялык картаны жана анын көчүрмөсүн (бар болсо) көрсөтүшү керек.

Медициналык текшерүүгө: химиялык-токсикологиялык изилдөө, канды жана заараны изилдөө; рентгендик же компьютердик томографиялык изилдөө, какырыкты же башка материалдарды изилдөө; COVID-19 аныктоо боюнча лабораториялык изилдөө; мурундун челин бактериоскопиялык жол менен изилдөө, ошондой эле дарыгерлердин: фтизиатр, дерматовенеролог, инфекционист, терапевт, психиатр-наркологдун текшерүүсү кирет.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы терс болгон учурда, тиешелүү күбөлүк берилет. Ал эми изилдөөлөрдүн жыйынтыгы оң болуп же изилдөө жүргүзүлбөгөн кезде, күбөлүк берилбейт. Мындай жарандарга карата баңги жана психотроптук заттарды же жогоруда көрсөтүлгөн оорулардын фактысы аныкталган учурда, алардын Россия Федерациясында болушунун (жашоосунун) жагымсыздыгы жөнүндө же Россия Федерациясына кирүүгө уруксат бербөө жөнүндө чечим кабыл алынат.

Медициналык текшерүүдөн өтүүгө боло турган медициналык мекемелер Россия Федерациясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат. Буга байланыштуу Башкы консулдук Россиянын мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын веб-сайттарындагы тиешелүү маалыматтарга көз салып турууну сунуштайт.

Дактилоскопиялык мамлекеттик каттоо - манжа изин алуу жана сүрөткө тартуу жол-жобосун камтыйт. Аны өтүү үчүн чет өлкөлүк жарандар Россиянын аймактык ички иштер башкармалыктарына же «Паспорттук-визалык кызмат» ведомстволук ишканасы же анын филиалдарына  жеке кайрылуусу керек.

Жаныңызда паспорт, ошондой эле адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу (ВИЧ) менен шартталган оорунун жоктугу тууралуу маалым кат жана медициналык текшерүүдөн өткөндүгүн тастыктаган башка документтер болушу керек, б.а. медициналык текшерүү процедурасы манжа изин каттоого чейин жүргүзүлүшү  керек.

Милдеттүү түрдө мамлекеттик манжа изин каттоодон жана сүрөткө тартуудан өткөндөргө тиешелүү ырастоочу документ берилет. Бул жол-жобо бир жолу жана Россия Федерациясына кирүү/чыгуу санына карабастан акысыз өткөрүлөт.

Чет өлкөлүк жарандар милдеттүү түрдө мамлекеттик манжа изин каттоо, сүрөткө тартуу жана (же) медициналык текшерүүдөн өтүү боюнча милдеттерин аткарбаган учурда, Россия Федерациясында убактылуу жүрүү мөөнөтү кыскартылат.

Россия Федерациясына ишке орношуу менен байланышпаган максаттарда келген чет өлкөлүк жарандар Россия Федерациясына кирген күндөн тартып 90 календардык күндүн ичинде милдеттүү түрдө мамлекеттик манжа изин каттоодон жана сүрөткө тартуудан, ошондой эле медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш.

Милдеттендирилген жол-жоболордон төмөнкү категориядагы адамдар бошотулат:

- алты жашка чейинкилер;

- мурда манжа изин каттоодон жана сүрөткө тартуудан өткөн адамдар бул процедуралардан бошотулат.

Мындай чет өлкөлүк жарандар милдеттүү түрдө мамлекеттик манжа изинин каттоосунан жана сүрөткө тартуудан өткөндүгүн тастыктаган документ үчүн Россиянын Ички иштер министрлигинин жайгашкан жери боюнча аймактык органына кайрылууга укуктуу.

Эскертүү:  2021-жылдын 29-декабрына чейин Россия Федерациясынын аймагына кирген чет өлкөлүк жарандар үчүн манжа изин алуу процедурасынан өтүү зарылчылыгынын жалпы тартиби, Россия Федерациясынын аймагынан чыгып кайра киргенден кийин келип чыгат. Бирок алар Россия Федерациясынан чыгуу жана андан кийин кирүү фактысын күтпөстөн, бул процедурадан алдын ала өтүүгө укуктуу.

Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин миграция боюнча башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, чет элдик жарандар телефон аркылуу же жеке кайрылуусу менен Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарынын миграциялык маселелер боюнча түзүмдүк бөлүмдөрүндө манжа изин тапшыруу жана сүрөткө түшүү үчүн алдын ала электрондук кезекке жазыла алат.

Россиянын Ички иштер министрлигинин Федералдык мамлекеттик унитардык ишканасына «Паспорттук-визалык кызмат» жана жергиликтүү «Көп функционалдуу миграциялык борбор» мамлекеттик бюджеттик мекемесине караштуу ишканаларына кайрылуулар жандуу кезек менен кабыл алынат.

 Милдеттүү мамлекеттик манжа изин каттоодон жана сүрөткө тартуудан өткөндүгүн тастыктаган документ жоголгон же бузулган учурда жогоруда аталган бөлүмдөрдүн бирине кайрылуу керек, ал жерде кайра документ берилет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK