Башкы консулдуктун кызматкеринин Пермь шаарына баруусу жөнүндө

1342

2022-жылдын 29-30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкери Пермь шаарында консулдук кызмат көрсөтүү жүргүздү.

Сапардын алкагында Пермь областтык «Кыргызстандыктар союзу» коомдук уюмунун төрагасы А.А.Алымкуловдун жардамы менен, Орусиянын Пермь шаарында жашаган мекендештер менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук абалы тууралуу маселелер талкууланды. Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдуктун вице-консулу А.Байбосов мекендештерге консулдук мекеме тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер, чет элдик жарандардын Россия Федерациясында медициналык кароодон өтүүсү жана манжа изин каттоонун тартиби жөнүндө маалымат берди жана башка суроолорго жооп берди.

Жарандарга улуттук паспортторду жана айдоочулук күбөлүктөрдү тариздөөгө документтерди кабыл алуу, консулдук каттоого туруу, биометрикалык маалыматтарды чогултуу, даярдалган документтерди берүү кызматтары көрсөтүлдү.

Мекендештер консулдук чыгууну уюштурууга ыраазычылыктарын билдиришип, Пермь областтык “Кыргызстандыктар союзу” коомдук уюмунун атынан Башкы консулдукка “Пермдик кыргыздар: тарых жана маданият” китебин тартуулашты. Бул басылмада Пермь шаарындагы кыргыздардын тарыхы, алардын коомдук жана маданий турмушка катышуусу баяндалган.

Консулдук чыгуулар Башкы консулдуктун Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган ишинин алкагында уюштурулууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK