Маанилүү маалымат

1278

Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын 2022-жылдын 30-апрелиндеги биргелешкен чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата COVID-19 коронавирустук инфекциясынын алып келишин жана жайылышын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин Алгоритмин токтотуу боюнча чечим кабыл алынды.

Ошого байланыштуу, 2022-жылдын 1-майынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, Кыргыз Республикасынын аймагына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптеги ПЦР тестен өткөн эмдөө күбөлүгүн же эмдөө күбөлүгүнүн жыйынтыгы боюнча сертификатты көрсөтпөстөн кире алышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK