Екатеринбургда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган поэзия кечеси өттү

895

2022-жылдын 30-августунда «Екатеринбург» китепкана борборунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун уюштуруусу, «Кайрыктар казынасы» коомдук бирикмесинин жана Свердлов облусундагы кыргызстандык Аксакалдар кеӊешинин колдоосу менен поэзия кечеси болуп өттү.

Поэзия кечеси Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлдү. Кечеде Уралдын борборунда жашап жана эмгектенген кыргызстандыктар, поэзияны, прозаны сүйүүчүлөр, жаш таланттар автордук ырларын жана куттуктоолорун окуп беришти. Ырлар мекенге, туулган жерге, эне тилге, Кыргызстандын элине, жаратылышынын кооздугуна, ошондой эле чет жерде жашаган мекендештер жөнүндө баяндалды. Жолугушуунун катышуучулары, жаштарды патриоттук духта тарбиялоо боюнча маселелерди  талкуулашты.

Кечеде жакында жарык көргөн “Москва кайрыктары-7” аттуу кыргызстандык мекендештерибиздин ырлар жыйнагын поэзия сүйүүчү, мекендешибиз Динара Асанова тартуулады.

Жолугушуунун катышуучуларын Башкы консул Руслан Бийбосунов Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK