Екатеринбургда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү белгиленди

1244

2022-жылдын 23-сентябрында, Екатеринбург шаарында Мамлекеттик тил күнүнө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына арналган “Менин эне тилим – улуу тил” аттуу адабий-поэтикалык кече болуп өттү. Кече Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан уюштурулуп, «Кайрыктар казынасы» коомдук бирикмеси жана «Екатеринбург» китепкана борборунун колдоосу менен аталган китепкананын аянтчасында мекендештердин, коомдук диаспоралык уюмдардын жетекчилеринин, Свердлов облустук Кыргызстандык Аксакалдар кеңешинин жана студенттердин катышуусунда өткөрүлдү.

Кечеде ар кыл муундагы кыргыз акындарынын чыгармалары боюнча көркөм окуу болуп, эне тилге арналган ырлар окулду. Уралдын борборунда жашап жана эмгектенип жаткан поэзия сүйүүчүлөрү, өз калемине таандык ырларын кеченин катышуучуларына тартуулашты. Ошону менен бирге Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасынан Толгонайдын монологу тартууланды.

Башкы консулдуктун кызматкерлери, көркөм поэзия борборунун мүчөлөрү жана аксакалдар - жыйындын катышуучуларын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, жаштар арасында эне тилди сактоо жана ага кам көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK