Башкы консулдуктун кызматкерлеринин Екатеринбург шаарындагы Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына барышты
2022-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын Ички иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы башкармалыгынын чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына (мындан ары - ЧӨЖУКЖ) барышты.
Башкы консулдуктун өкүлдөрү Кыргызстандын жарандары менен жолугушууларды өткөрүп, аларды кармоо шарттары менен таанышып, мекенине тезирээк кайтып кетүү үчүн документтерди тариздөө жол-жоболору боюнча кеңештерин айтышып, суроолоруна жооп беришти.
Маалымат үчүн: Россия Федерациясынын аймагынан администрадивдик чыгаруу боюнча соттун чечимдеринин күчүнө киришин күтүп, Россиянын ИИМдин Екатеринбург шаары боюнча Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайында азыркы учурда КРнын 25 жараны бар.