Башкы консулдуктун кызматкерлери Асбест, Первоуральск жана Екатеринбург шаарларындагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайларына барышты

1074

2022-жылдын 11 жана 13-октябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын ИИМнин Асбест, Первоуральск жана Екатеринбург шаарларындагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайларына (мындан ары - ЧӨЖУКЖ) барышты.

Башкы консулдуктун өкүлдөрү Кыргызстандын жарандары менен жолугушууларды өткөрүп, аларды кармоо шарттары менен таанышып, мекенине кайтып кетүү үчүн документтерди тариздөө жол-жоболору боюнча кеңештерди беришти, ошондой эле жашаган жери боюнча өз убагында миграциялык каттого туруп жана эмгек же жарандык келишимдерин расмий тариздөө зарылдыгына көңүл бурушту.

Ошондой эле, аталган ЧӨЖУКЖдүн жетекчилери менен Башкы консулдуктун кызматкерлеринин жолугушуулары өтүп, мындан аркы иш аракеттенүүлөр боюнча пикир алмашуулар болду.

Асбест жана Первоуральск шаарларында жайгашкан ЧӨЖУКЖдөргө башкы консулдуктун кызматкерлери менен бирге Кыргызстандын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) Урал федералдык округу боюнча коомдук жардамчысы  Ж.С. Белеков барды.

Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайындагы Кыргызстандын жарандары Башкы консулдукка борборлорго келгендиги үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Маалымат үчүн: Россия Федерациясынын чегинен административдик чыгаруу боюнча соттун чечимдеринин мыйзамдуу күчүнө киришин күтүп учурда Свердлов облусунун Асбест шаарындагы Борбордо КР 5 жараны, Первоуральск шаарындагы Борбордо 4 жаран, ал эми Екатеринбург шаарындагы Борбордо КР 27 жараны кармалууда.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK