Башкы консулдуктун кызматкерлери Екатеринбург шаарындагы Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына барышты

532

2023 – жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Орусиянын ИИМнин Екатеринбург шаары боюнча башкармалыгынын чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборуна (мындан ары- ЧӨЖУКЖ) барышты.

Башкы консулдуктун өкүлдөрү Кыргызстандын жарандары менен жолугушуу өткөрүп, аларды кармоонун шарттары менен таанышып, мекенге кайтып баруу үчүн документтерди тариздөөнүн жол-жоболору тууралуу маалымат беришти. Жарандарга Россия Федерациясынын аймагында болуу эрежелери түшүндүрүлдү.

Андан тышкары ЧӨЖУКЖнин жетекчиси менен жолугушуп, анын жүрүшүндө мекендештерди мекенге тез арада жөнөтүү үчүн өз ара аракеттенүү жана керектүү документтерди тариздөө маселелери талкууланды.   

Маалымат үчүн: Учурда ЧӨЖУКЖна барганда Орусия Федерациясынын чегинен тышкары административдик жол менен чыгаруу үчүн соттордун чечимдеринин күчүнө киришин, Кыргыз Республикасынын 14 жараны күтүп жатышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK