Миграциялык мунапыс
Россия Федерациясынын Президенти В.Путиндин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыктары боюнчаРоссия Федерациясынын аймагындамиграция мыйзамдарын бузуп жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын легалдаштыруу боюнча иш-чараны өткөрүү тууралуу россия тарабынан чечим кабыл алды |
|||
Кыргыз Республикасынын жарандарын легалдаштыруу (“Миграциялык мунапысты”колдонуу) 2019жылдын 22-апрелине чейин уланат |
|||
Россия Федерациясынан аймагына кирүүгө чектөө коюлган Кыргыз Республикасынын жарандары (“Кара тизме”) |
Миграция мыйзамдарын бузуу менен, Россия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары (“Легалсыздар”- Мыйзамсыздар) |
||
Мунапыска туш келгендер |
Мунапыска тиешеси жоктор |
Мунапыска туш келгендер |
Мунапыска тиешеси жоктор |
“РФнан чыгуу жана РФна кирүү тартиби жөнүндө” №114 Федералдык мыйзамынын 26 беренесинин 4 жана 8 пунктуларынын негизинде РФнын аймагына кирүүгө чектөө коюлган КРнын жарандары (“кара тизме”)
Кайрадан Россияга 2019-жылдын 1-майынан тартып кире берсе болот. |
Эскертүү:Бул жарандарга тыюу салуу мөөнөтү аяктаган соң гана кире алышат. |
2019-жылдын 1-апрелинен 22-апрелине чейин миграция мыйзамдарын бузуу менен, Россиянын аймагында жүргөн КРнын жарандары РФнын аймагынан чыкпастан миграциялык картасын мыйзамдап алууга укуктуу. Аталган мезгил ичинде алар РФнын Миграция боюнча Башкы башкармалыгынын каалаган райондук бөлүмүнө (ID-карта менен же чет өлкөгө чыгуучу паспорт менен) барса, аларга миграциялык каттоого тургузуу менен жаңы миграциялык карта берилет. Эскертүү: Административдик жазапулдары (штраф) бар бардык жазапулдарын төлөөгө тийиш. |
|