Екатеринбург шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 75- жылдыгына арналган кече өткөрүлдү

3494

2019-жылдын 29 апрелинде Екатеринбург шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 75- жылдыгына арналган 

«Кыргыз Респубилкасынын Тышкы иштер министрлигинин тарых барактары» аттуу кече өткөрүлдү. 

Иш чара Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу тарабынан уюштурулуп, Свердлов облусунун Маданият министрлигинин, Эл аралык жана тышкы экономика министрлигинин, Россия Федерацисынын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы Өкүлчүлүгүнүн, «Кыргызстан-Урал» кыргыз диаспорасынын, Беларусь, Азербайжан, Дагестан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан диаспора уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле шаардын чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын өкүлдөрү, кыргызстандык студенттер катышты.

Кеченин алкагында «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлери» фото-көргөзмөсү, тематикалык видео-түрмөктөр, докладдар жана викторина уюштурулду. Викторинанын жеңүүчүлөрү Башкы консулдуктун атынан кыргыз классик жазуучуларынын тарыхый китептери жана башка белектер менен сыйланышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK