Башкы консул Р.Бийбосуновдун Урал Федералдык Университетинин ректору В.Кокшаров менен жолугушуусу

2660

2021-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосуновдун Россиянын тунгуч президенти Б.Н.Ельциндин аты ыйгарылган Урал федералдык университетинин (мындан ары - УрФУ) Ректору Кокшаров Виктор Анатольевич менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө маектештер жогорку билим берүү жаатында кызматташуу, адистерди даярдоо жана аймактагы алдыңкы жогорку окуу жайынын - УрФУнун Кыргызстандын илимий жана билим берүү мекемелери менен өз ара аракеттенүүсү боюнча пикир алмашышты. Ошол эле учурда, студенттерди - Кыргыз Республикасынын жарандарын COVID-19 пандемиясынын шартында окутуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптардын өз ара аракети Кыргызстан менен Россиянын ЖОЖдорунун ректорлорунун Экинчи Форумуна даярдануу, ошондой эле УрФУ жана өнөктөш Кыргыз ЖОЖдорунун ортосунда биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу максатында улантылат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK