Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Р.Бийбосуновдун Урал Соода-ѳндүрүш палатасынын президенти А.Беседин менен жолугушуусу жѳнүндѳ

2480

2021-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Р.Бийбосунов Урал Соода-ѳндүрүш палатасынын президенти А.Беседин менен жолугушту.

Жолугушууда региондор аралык соода-экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын жана Россиянын Урал аймагынын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү, COVID-19 пандемиясынын абалында товар экспорттоочулар менен импорттоочулардын ортосунда байланыш үчүн шарттарды түзүү маселелери талкууланды.

Р.Бийбосунов 2020-жылы колдонулуп жаткан чектөө иш-чараларынан улам Кыргызстан менен Свердлов облусунун ортосундагы соода жүгүртүүнүн төмөндөшүнө көңүл бурду, буга байланыштуу Тараптардын ишкерлерине тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууда, диалог аянтчаларын уюштурууда көмөктөшүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, анын ичине видео конференция байланышы дагы сунушталды (B2B-онлайн форматтагы жолугушуулар).

А.Беседин Урал Палатасынын эл аралык кызматташуу жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иштѳѳ тажрыйбасы менен бөлүштү, Палата кыргыз компаниялары жана адистештирилген мекемелери, анын ичинде Кыргызстандын Соода-ѳндүрүш палатасы менен тийиштүү иштерди жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK