Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу «Уралдан кат» поэзия кечесине катышуу жөнүндө

2625

2021-жылдын 9-февралында Екатеринбург шаарынын китепкана борборунда «Мигрант Кыялы» долбоорунун алкагында, Свердлов облусундагы «Кыргызстан–Урал» коомдук уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун колдоосу менен уюштурулган «Уралдан кат» аттуу поэзия кечеси болуп өттү.

Иш-чарага Екатеринбург шаарында көп жылдар бою жашап жана иштеп келген, поэзияга жакын кыргызтандыктар катышты.

Башкы консулдуктун өкүлү Нурлан Алымбеков катышуучуларды биринчи адабий кечеси менен куттуктап, таланттуу мекендештерин белгилеп, мындай маданий иш-чараларды байма-бай өткөрүп турууга үндөдү, ошондой эле Уралдагы кыргызстандандык акындардын ырлар жыйнагын басып чыгарууну сунуш кылды.

Кечеде түбөлүк темаларга - сүйүүгө, достукка, жашоонун маанисине, Мекенге, адам табиятына арналган автордук чыгармалар көрсөтүлдү. Кечээ жылуу, эркин маанайда өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK