Кыргызстан менен Россиянын билим берүү министрликтеринин жана жогорку окуу жайларынын өкүлдөрүнүн онлайн жолугушуусу жөнүндө

2433

2021-жылдын 12-февралында видео-конференция форматында Кыргызстан менен Россиянын билим берүү министрликтеринин, эки өлкөнүн бир катар жогорку окуу жайларынын, ошондой эле  Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министрлигинин жетекчилигинин катышуусунда онлайн жолугушуу өткөрүлдү. Видеоконференция Кыргыз Республиксынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан уюштурулду.

Видеоконференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров россиялык кесиптештери менен эки өлкөнүн илимий жана билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулап, жогорку билим берүү жаатындагы өз ара иштешүү үчүн маанилүү аянтча катары болгон Кыргызстан менен Россиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун экинчи форумун уюштурууга өзгөчө көңүл бурду.  

Россиянын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Урал федералдык университетинин ректору Виктор Кокшаров Екатеринбургдагы Урал федералдык университетинде өткөрүү пландаштырылып жаткан Россия менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун экинчи форумуна даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле онлайн жолугушуу учурунда Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Василий Козлов, Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов, проректор, М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Эл аралык мамилелер башкармалыгынын башчысы Юрий Мазей, Бишкек мамлекеттик унивеситетинин илим жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Гүлнара Мурзахмедова сөз сүйлөштү.

Видеоконференциянын жыйынтыгында катышуучулар аталган Форумдун датасы менен форматын эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууну эске алуу,  ошондой эле  жогорку билим берүү жаатындагы кыргыз-россия кызматташтыгынын жаңы багыттарын аныктоо менен макулдашуу максатында өз ара кеңешүүлөрдү улантуу жөнүндө макулдашты.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK