Башкы консул Р.Бийбосуновдун Свердлов облусунун журналисттер Союзунун башчысы А.Левин менен жолугушуусу
2021-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Свердлов облусунун Коомдук палатасынын жана Свердловск журналисттеринин чыгармачыл Союзунун төрагасы Александр Левин менен жолугушту.
Р.Бийбосунов А.Левинди 70-жылдык мааракеси менен куттуктап, анын маанилүү коомдук уюмдун жана Уралдын журналисттер Союзунун башчысына чейинки кызыктуу жана бай кесиптик жолун белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө маданий-гуманитардык чөйрөдөгү өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, ошол эле учурда кыргыз-орус мамилелериндеги, анын ичинде аймактар аралык байланыштардын алкагындагы иш-чараларды чагылдырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу баса белгиленди. Туризм тармагындагы кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду.
А.Левин Журналисттер үйүнүн пресс-борборун брифингдер жана пресс-конференциялар үчүн пайдаланууну сунуш кылды.