ПРЕСС-РЕЛИЗ

2400

2021-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу, “Бүткүл Россиялык Кыргыз Конгрессинин” Свердлов облусундагы регионалдык бөлүмү жана кыргыз мекендештердин диаспоралык уюмдары тарабынан Ата-Журтту коргоочулардын күнүнө карата уюштурулган мекендештер арасындагы волейбол жана футбол боюнча турнирлердин ачылышына катышты.

         Башкы консул Руслан Бийбосунов, ошондой эле диаспоралык уюмдардын лидерлери жана активисттери мелдештин катышуучуларын Ата-Журтту коргоочулардын күнү менен куттукташты. Башкы консулдуктун атынан мелдештин уюштуруучуларына, анын жеңүүчүлөрүнө арналган сыйлык катары футбол жана волейбол топтору тапшырылды.

         Мелдеш мекендештердин чоң кызыгуусун жаратып, көптөгөн көрүүчүлөрдү жана күйөрмандарды топтоду. Мелдештин катышуучулары футбол жана волейбол мелдештерин уюштургандарга ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK