Екатеринбургда эмгек миграциясында жүргөн аялдардын позитивдүү ролу менен актуалдуу маселелери талкууланды

2304

2021-жылдын 4-мартында Екатеринбург шаарында «Миграциянын аял жүзү. Мигрант аялдардын позитивдүү ролу» III Эл аралык конференциясы болуп өттү. Конференция кыргыз диаспорасынын “Кыргызстан-Урал” Свердлов облустук коомдук уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын Екатеринбургдагы Башкы консулдугунун, Миграция боюнча эл аралык уюмдун (МЭУ), Свердлов облусунун Өкмөтүнүн жана Урал ассоциациясынын “Этностук-конфессиялык изилдөөлөр борборунун” колдоосу менен уюштурулган.

Кезектеги конференциянын темасы аял мигранттардын позитивдүү ролуна арналды. Анын ичинде, аялдардын иштеги жана ишкердик менен алектенүүдөгү мүмкүнчүлүктөрү, жакындары менен бир туугандарын колдоо, салттуу үй-бүлѳѳлүк үрп-адаттарды сактоо, балдарды тарбиялоо боюнча, өзгөчө – жаңы чакырыктар жаралып жаткан мезгилдеги иш-аракеттери жөнүндө сөз болду.

Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары, депутат Аида Касымалиева, Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы соода байланыштары министри, Кыргыз-Свердлов Өкмөттөр аралык комиссиясынын тең төрагасы Василий Козлов, Свердлов облусунун Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Мерзлякова, облустун мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, Азербайжандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын Екатеринбургдагы башкы консулдуктарынын жетекчилери менен өкүлдөрү, эксперттер, эл аралык, коомдук жана диаспоралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Эл аралык форумдун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Отунбаева жана “БУУ-Аялдар” Түзүмүнүн Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча регионалдык директору Алия Эль-Ясир видео аркылуу жылуу саламдарын, ошондой эле каалоо тилектерин жолдошту.

А.Касымалиева өз сөзүндө кыргыз коомундагы аялдардын орду жөнүндө айтып, балдарды тарбиялоодо, аларга эне тилин окутууда, улуттук маданиятты жана каада-салттарды сактоодо энелердин салымы чоң экендигине көңүл бурду.

Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Руслан Бийбосунов ѳз сөзүндө конференциянын алкагында талкууланып жаткан маселелер мигранттарды кабыл алган тарап катары Россия Федерациясы үчүн да, эмгек ресурстарын жөнөтүп жаткан Кыргыз Республикасы  үчүн да актуалдуу экендигин, эмгек миграциясына байланышкан маселелер Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына болгон сапары учурундагы жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жүрүшүндө да каралгандыгын белгиледи. Ошондой эле аялдарды келе жаткан 8-март майрамы менен жылуу куттуктады.

Бул конференция Аялдардын эл аралык күнүн утурлап үчүнчү жыл катары менен өткөрүлүүдө жана миграция чөйрөсүндөгү маселелер боюнча кеңири пикир алмашуу үчүн эл аралык иш-аракетке кошумча аянтча болуп калды. Форум учурунда кызыктуу презентациялар болуп, орчундуу маселелер кѳтѳрүлдү. Катышуучулардын суроолору менен сунуштамалары профилдик мамлекеттик органдарга, диаспоралык уюмдарга жана эмгек мигранттарына даректелген Конференциянын Резолюциясына киргизилди.  

Форумду өткөрүү үчүн аянтчаны жана тийиштүү шарттарды Урал мамлекеттик экономикалык университетинин жетекчилиги түзүп берди.

Кийинки IV Эл аралык конференцияны Москва шаарында өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды. Кыргыз диаспорасынын “Кыргызстан-Урал” уюмунун төрайымы Гүлшан Долонбаева Форумду өткөрүүгө эстафетаны салтанаттуу жагдайда “Мекеним Ала-Тоо” коомдук уюмунун жетекчиси Жамийла Бегиевага өткөрүп берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK