Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугунун Эне тил күнүнө карата уюштурулган мааракеге катышуусу

2265

2021-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлү Чолпонай Аджиматова Бажов кайрымдуулук фонду жана Урал мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан Эл аралык эне тил күнүнѳ карата уюштурулган иш-чаранын катышуучуларын майрам менен куттуктап, саламдашуу сѳзүн жолдоду.

Иш-чара аталган Университеттин «Учитель будущего» (Келечектеги мугалим) аттуу борборунун мүмкүнчүлүктөрүнүн негизинде өтүп, анын натыйжасында эки форматты бириктирүүгө мүмкүндүк берди: залдагы жандуу барлашуу жана онлайн режиминде түз эфир.

Мааракеге Свердлов облусунун мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты: губернатордун администрация башчысынын орун басары Вадим Дубичев, Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министринин милдетин аткаруучу Вячеслав Ярин, Адам укуктары боюнча Акыйкатчы Татьяна Мерзлякова, Университеттин ректору Светлана Минюрова, Бажов фондунун директору Сергей Полыганов, ошондой эле аймактагы коомдук диаспора уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында диаспоралардын катышуусунда майрамдык концерт болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK