Урал туризм ассоциациясынын Башкармалыгынын жумушчу жыйынына катышкан жѳнүндѳ

2473

2021-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун консулу Нурлан Алымбеков Урал туризм ассоциациясынын (мындан ары - УТА) Башкармалыгынын жумушчу жыйынына катышты.

Жолугушууда, күн тартибиндеги башка маселелердин катарында, чет өлкөлүк делегациялардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын делегациясынын, 2021-жылдын 16-17-апрелинде өтө турган "ЛЕТО-2021" Екатеринбург шаарындагы Эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышуусу, талкууланды.

Н.Алымбеков өз сөзүндө кыргыз делегациясынын көргөзмөгө катышуусуна даярдык жөнүндө маалымат берип, быйыл Ысык-Көл облусу "Регион-Өнөктөш" статусунда берилгендигин белгиледи. Ал УТА башкармалыгынын мүчөлөрүн жана Урал аймагынын туроператорлорун кыргыз ассоциациялары менен туризм жаатында кызматташууну активдештирүүгө чакырды.

Көргөзмө ар дайым катышкан региондун алдыңкы туристтик компаниялары, Россиядагы жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү ири туроператорлору ошондой эле чет мамлекеттердин туристтик агенттиктери тарабынан кѳрсѳтѳт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK