Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунда электрондук кезек жабдуусу орнотулду

1652

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунда жарандарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана тиешелүү шарттарды түзүү максатында, электрондук кезек жабдуусу орнотулду. Бул система жарандарды тейлөө процессин оптималдаштырууга, жарандардын агымын иретке келтирүүгө жана кабыл алуу кезеги жөнүндө маалыматты электрондук табло жана үн коштоосунда маалымдоого мүмкүндүк берет. Жакын арада консулдук кабыл алууну электрондук каттоо системасы аркылуу алдын ала киргизүү да пландаштырылууда.

Мындан тышкары, электрондук кезек тутуму жарандарды кабыл алуу, тейлөө процесстери боюнча отчетторду талдоого жана иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK