Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган Шахмат боюнча турнир

1932

2021-жылдын 18-сентябрында Екатеринбург шаарында шахмат боюнча ѳспүрүм балдар жана кыздар арасында турнир өткөрүлүп, ага Уралдын жаштары жана алар менен бирге кыргыз мекендештердин балдары катышышты.

Шахмат боюнча турнир Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып, Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдуктун жана Кыргызстандын Акыйкатчысынын Россиянын Урал федералдык аймагы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте, шаардык Шахмат федерациясынын колдоосу менен өткөрүлдү.

Мелдешти Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов ардактуу конок катары расмий түрдѳ ачып берди. Ал Свердлов облусуна россия тараптын чакыруусунун негизинде эл аралык эксперт катары, Россиянын Мамлекеттик Думасына, регионалдык Мыйзам чыгаруу жыйынына жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлчүлүктөрүнө депутаттарды шайлоо иш-чараларына катышуу үчүн келген.

Ошондой эле, мелдештин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Россия Федерациясындагы Урал федералдык округу боюнча ѳкүлү Жыргалбек Белеков, «Интеллект» спорт мектебинин директору Валентин Кормушев, Екатеринбургтун администрациясынын жана Шахмат федерациясынын ѳкүлдѳрү, кыргыз диаспоралык уюмдарынын активистери, андан сырткары турнирдин жаш шахмат сүйүүчүлөрү жана алардын ата-энелери катышышты. Иш-чаранын коноктору жана уюштуруучулары кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттукташып, мелдештин катышуучуларына ийгиликтүү оюнду жана жакшы натыйжаларга жетишүүнү каалашты.

Балдар жана кыздар арасындагы турнир (2004-жылы туулган жана андан кичүү) Россиянын тез шахмат рейтингине ылайык 7 тур эрежесинде өткөрүлдү. Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана белектер менен сыйланышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK