Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

1976

Шайлоочулар www.tizme.gov.kg сайтына жайгаштырылган шайлоо участкаларынын тизмесинен өздөрүн тактап алуусу керек.

Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун консулдук округунда (Свердловск, Челябинск, Тюмень, Курган облустарында жана Пермь аймагында) жашап/эмгектенип жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары кандайдыр бир ката, так эместик табылса же өзүн алдын ала тизмеден таба албаса, 2021-жылдын 12-ноябрына чейин Башкы консулдукка арыз менен кайрылуусу зарыл.

Өзү менен кошо өздүгүн тастыктаган документтерди (жалпы жарандык, улуттук паспорт же ID-карта) алып келүүсү шарт.

Сурап-билүү үчүн телефон: +7 (343) 223-68-13.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK