Башкы консулдун Эл аралык илимий-билим берүү форумуна катышуусу жөнүндө пресс-релизи

1863

2021-жылдын 23-ноябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Свердлов облусунун Өкмөтү, Урал мамлекеттик педагогикалык университети, Урал федералдык университети уюштурган Борбордук Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгына арналган эл аралык илимий жана билим берүү форумуна онлайн форматында катышты. Форумду Россиянын жана КМШ өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын 23 университети биргелешип ѳткѳрдү.

Форумда Борбордук Азия өлкөлөрү менен Россиянын аймактарында жашаган элдердин илим жана билим берүү тармагындагы кызматташуусунун негизги багыттары, социалдык-экономикалык, саясий жана илимий изилдөөлөрдү илгерилетүү, ошондой эле маданияттар аралык диалогду өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Р.Бийбосунов Форумдун пленардык жыйынындагы сөзүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүн мамлекеттик эгемендүүлүктүн 30-жылдыгы менен куттуктап, илим-билим берүү тармагында мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана маданияттар аралык мамилелерди тереңдетүү зарылдыгын белгиледи. Башкы консул катышуучуларга Кыргызстандын илимий жана билим берүү мекемелеринин, ЖОЖдордун ортосундагы эл аралык кызматташууга, ошондой эле квалификациялуу кадрларды даярдоого өзгөчө маани берерин билдирди.

2021-жылдын 23-ноябрынан 25-ноябрына чейинки Форумдун алкагындагы долбоордук жана стратегиялык сессияларында, панелдик талкууларды, интерактивдүү аянтчаларды жана тегерек столдорду өткөрүлѳт. Иштин жыйынтыгы боюнча Форумдун материалдарынын жыйнагын басып чыгаруу пландаштырылууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK