Башкы консулдугунун кызматкерлери Курган облусуна баруусу жөнүндө

1646

2021-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Курган облусунун Федералдык Жазаларды аткаруу кызматынын №1, №2 жана №6 түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуу үчүн Курган облусунда болушту.

Кыргызстандын жарандары менен жолугушууда Башкы консулдуктун кызматкерлери түзөтүү колонияларынан шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу тартиби, соттолгондорду Кыргыз Республикасына экстрадициялоонун жол-жоболору, аларды кызыктырган укуктук жана башка маселелер боюнча маалымат беришти. Башкы консулдук тарабынан соттолгон жарандардын келип түшкөн арыздарына ылайык жүргүзүлүп жаткан иштер жана аларды мекенине кайтып келгенге чейин документтештирүү тартиби тууралуу сөз болду.

Ошондой эле Башкы консулдуктун өкүлдөрү аталган мекемелердин жетекчилери менен жолугушуп, Кыргыз Республикасынын жарандарын кармоо шарттары менен таанышышты жана Башкы консулдук менен түзөтүү мекемелеринин  администрацияларынын өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Маалымат үчүн: Учурда жогоруда аталган түзөтүү мекемелеринде Кыргыз Республикасынын 28 жараны жаза мөөнөттөрүн өтөп жатышат.

Ушул эле күнү Курган шаарында Курган облусунда жашаган кыргызстандык мекендештер менен жолугушуу болуп, анда Башкы консулдуктун вице-консулу А.Байбосов чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо жаатында мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу, улуттук паспортторго документтерди кабыл алуу жана тариздөө тартиптери жөнүндө айтып берди жана башка кызыктырган суроолорго жооп берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK