Мекендештирдин назарына!

1566

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын жарандарына көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча иштерди улантууда.

Башкы консулдук Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун жана идентификациялык картасын (ID-картасын), Кыргызстанга кайтып келүү тууралуу күбөлүктү тариздѳѳнү, улуттук айдоочулук күбөлүктү алмаштырууга документтерди кабыл алууну жүргүзөт жана башка консулдук кызматтарды көрсөтөт.

Акыркы убакта консулдук аймакта ортомчулук кызматын сунуштаган адамдар пайда болуп, алар белгилүү бир суммага Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу жана мамлекеттик органдары тарабынан берилген маалымкаттарды алып берүү сыяктуу кызматтарын сунуштап жатышат. Ушуга байланыштуу, Башкы консулдук Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан маалымат алууну (суроо талапты), жарандын өздүк кайрылуусу боюнча үй-бүлөлүк абалы, соттолгондугу/соттолбогондугу, салык карыздары, иштеген мөөнөттөрү, пенсиялары жөнүндөгү тиешелүү маалымкаттарды (справкаларды) берүү боюнча акысыз кызматтарды көрсөтөөрүн маалымдайт.

Башкы консулдук шектүү адамдардын ар кандай маалымкаттарды (справкаларды) акысына даярдап беребиз деген сунуштарынан баш тартууга чакырат. Ортомчулук кызмат сунуштап, жасалма документтерди берүү фактылары боюнча Россиянын укук коргоо органдарына жана Башкы консулдука билдирүүңүздѳрдү суранабыз.

Жасалма документтерди даярдоо жана сатуу, ошондой эле аларды колдонуу Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралганын эскертебиз.

Ошол себептен, мыйзамсыз аракеттерге жол бербѳѳ максатында Башкы консулдук көрсөткөн негизги кызматтардын тарифтерин жарыялайбыз. Консулдук кызматтардын тарифтери тууралуу толук маалымат Башкы консулдуктун имаратында илинген.

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм Сбербанктын аймактык бөлүмдөрүндө, кайрылган күнгѳ карата Россиянын Борбордук банкы белгилеген АКШ долларынын рублга карата курсу боюнча жүргүзүлөт.

 

 

НЕГИЗГИ КОНСУЛДУК КЫЗМАТТАР БОЮНЧА ТАРИФТЕР

 

 

 

Кызматтардын аталышы

 

Тариф (АКШ доллары менен)

 

 

1.

 

Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун  тариздѳѳ үчүн документтерди кабыл алуу

 

30

15

(16 жашка чейинки балдарга жана 60 жаштан жогорку пенсия жашындагыларга)

 

 

2.

 

Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгүн тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу

 

10

5

(16 жашка чейинки балдарга жана 60 жаштан жогорку пенсия жашындагыларга)

 

 

3.

 

Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жашоого кеткен Кыргыз Республикасынын жарандарынын арыздарын кабыл алуу

 

10

 

4.

 

Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгын аныктоо

 

10

(КРнын жарандары үчүн)

 

50

(чет элдик жарандар үчүн)

 

 

5.

 

Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн документтерди кабыл алуу жана тариздөө

 

25

6.

Кыргыз Республикасынын аймагында үй-бүлөлүк абалы, салык карыздары, иштеген мөөнөттөрү, соттолгондугу/соттолбогондугу жана пенсиялары жөнүндөгү тиешелүү маалымкаттарды берүү

Акысыз

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм Сбербанктын бөлүмдөрүндө, кайрылган күнгѳ карата Россиянын Борбордук банкы белгилеген АКШ долларынын рублга карата курсу боюнча жүргүзүлөт

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK