Башкы консулдуктун кызматкерлеринин Екатеринбург шаарындагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу борборуна барышы боюнча
2022-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Екатеринбург шаары боюнча Россиянын ИИМнин Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу борборуна барышты.
Башкы консулдуктун кызматкерлери Кыргызстандын жарандары менен жолугушуу өткөрүп, консулдук-укуктук жардам көрсөтүштү, аларды кармоо шарттары менен таанышышты, мекенге кайтып кетүүгө байланыштуу маселелер боюнча кеңеш беришти.