Башкы консулдун Екатеринбург шаарында көчөт отургузууга катышуусу жөнүндө

1324

2022-жылдын 29-апрелинде Свердловск облусунун Екатеринбург шаарындагы жаңы «Туризм аллеясына» көчөт отургузууга Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов катышты.

         Бул акция Урал Туризм Ассоциациясынын демилгеси менен уюштурулуп, "Урал туризм күнүн"  белгилөөгө арналды. Жаңы аллеяга кызыл жалбырактуу алма көчөттөрүн Екатеринбург шаарынын башчысы Орлов А.В., Өзбекстан менен Тажикстандын консулдук мекемелеринин жетекчилери, облустук жана шаардык администрациялык мекемелердин, коомчулуктун, анын ичинде улуттук-маданий бирикмелердин өкүлдөрү да отургузушту.

Уюштуруучулар пландагандай, ар бир отургузулган дарактын жанына акциянын ар бир катышуучусу тууралуу QR коду жазылган такталар илинет.

Туризм аллеясынын ачылышынан кийин «Темир жолчулар» маданият сарайында салтанаттуу жыйын болуп, анда иш-чаранын катышуучулары катышкан өлкөлөрдүн жана аймактардын туристтик мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK