Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 77-жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу жөнүндө
2022-жылдын 9-майында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 77-жылдыгына арналган урал борборунун Широкореченск аскердик мемориалдык комплексинде «Эстелик» салтанаттуу аземине катышты.
Свердлов облусунун Губернатору Евгений Куйвашев, регионалдык мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрагасы Людмила Бабушкина, облустун жана Екатеринбург шаарынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери, аймактын дин кызматкерлери, чет элдик консулдук мекемелеринин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү өчпөс отко гүлчамбар коюшту.
Ушул эле күнү Башкы консулдуктун кызматкерлери Екатеринбург шаарында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 -жылдыгына арналган аскердик парадга катышты.