Челябинск шаарында кыргызстандыктарды колдоо Борбору ачылды

866

2022-жылдын 31-августунда Челябинск шаарында Мекендештерди колдоо борбору ачылды.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган Борбордун ачылышына аксакалдар, активисттер жана мекендештердин жаш муундары катышты.

Бул долбоор Челябинск шаарынын администрациясынын колдоосу менен «Мекендештер» Кыргыз улуттук-маданий автономиясы тарабынан ишке ашырылды. Аталган мекемеде кыргыз жана орус тилдеринде курстарды өткөрүү, маданий иш-чараларды уюштуруу пландалууда. Борбор региондун мамлекеттик органдары жана коомдук уюмдары, ошондой эле Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу менен активдүү иш алып барат.

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов «Мекендештер» Кыргыз улуттук маданий автономиясынын жетекчиси Зыйна Бакированы Борбордун ачылышы менен куттуктап, Түштүк Уралда жашаган кыргыздарга колдоо көрсөтүүдө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK