"Урал элдеринин күнү" Мааракелик салтанатына кыргызстандыктар катышты

914

 

2022-жылдын 4-сентябрында кыргызстандык мекендештер муниципалдык автономиялык маданият мекемеси «Екатеринбург шаарындагы В.В. Маяковский атындагы борбордук Маданият жана эс алуу паркында» 20-жолу белгиленип жаткан «Орто Урал элдеринин күнүн» майрамдоого катышышты.

Свердлов облусунун губернатору Е.В. Куйвашев, Свердлов облусунун мыйзам чыгаруу чогулушунун төрайымы Л. Бабушкина, Екатеринбург шаарынын башчысы А.В. Орлов, Свердлов облусунун адам укуктары боюнча комиссары Т.Г. Мерзлякова жана башка коноктор менен биргеликте майрамдын салтанаттуу ачылышына катышышты. Иш - чарага Екатеринбургдагы чет өлкөлүк консулдук мекемелердин жетекчилери конок катары чакырылган.

Меймандар улуттук-маданий борборлордун көргөзмөлөрү жана интерактивдуу спорт аянтчаларынын иши менен таанышып, искусство чеберлеринин, көркөм чыгармачылык коллективдеринин катышуусундагы концертти көрүштү. Майрамда мекендештерибиз кыргыз этно-маданий бурчун жана кол өнөрчүлүк буюмдар көргөзмөсүн уюштуруп, келген конокторго улуттук тамак-аш, суусундуктарды тартуулашты.

Иш-чарага жана мекендештердин уюштурган этно - чарбагына, КР Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери катышып келишти.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK