Башкы консулдуктун кызматкерлери Екатеринбург шаарындагы Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына барышты

1070

2022-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын Ички иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы башкармалыгынын чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына (мындан ары - ЧӨЖУКЖ) барышты.

Башкы консулдуктун кызматкерлери Кыргызстандын жарандары менен жолугушууда  аларды кармоо шарттары менен таанышып, мекенине  кайтып кетүү үчүн документтерди тариздөө жол-жоболору боюнча кеңештерди берип, аларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Ошондой эле кызматкерлер  Борбордун  жаңы жетекчиси менен жолугуп, аны куттуктап, жооптуу ишмердигине ийгиликтерди каалады. Жолугушуу учурундагы Башкы консулдук  менен Борбордун ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Маалымат үчүн: Учурда ЧӨЖУКЖда Россия Федерациясынын аймагынан депортациялоо боюнча соттун чечимдеринин күчүнө киришин күтүп Кыргыз Республикасынын 17 жараны кармалууда.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK