Балдар үчүн социалдык мекемесиндеги, жашы жете элек кыргызстандыкка Башкы консулдуктун кызматкерлери барышты

1081

2022-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери, Екатеринбург шаарындагы балдар үчүн социалдык мекемеде убактылуу жайгашкан жашы жете элек кыргызстандык И.А.га дагы бир ирет жолугушууга барышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө И.А. коомдук мекемедеги жашоосун жана ал жердеги жаны достору жөнүндө, окуп жаткан мектептеги жакшы жетишкендиктери тууралуу айтып берди. Ошону менен бирге, ал жакын туугандарына кошулууну каалагандыгын билдирди.

Башкы консулдуктун кызматкерлери И.А.нын жашоо шарты менен таанышып, социалдык мекеменин өкүлү менен жолугушуп, жашы жете элек өспүрүмдү мекенине кайтаруу маселелерин талкуулашты.  

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK