Башкы консулдуктун кызматкерлери Екатеринбург шаарындагы Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына барышты
2022-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын Ички иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына (мындан ары - ЧӨЖУКЖ) кезектеги иш сапары менен барышты.
Башкы консулдуктун өкүлдөрү Кыргызстандын жарандары менен жолугушууларды өткөрүп, аларды кармоо шарттары менен таанышып, мекенине кайтып кетүү үчүн документтерди тариздөө жол-жоболору боюнча кеңештерди беришти. Ошол эле Аталган мекеменин жетекчиси Е. Ковшов менен пикир алмашуу болду.
Маалымат үчүн: Учурда ЧӨЖУКЖде Россия Федерациясынын аймагынан административдик чыгаруу боюнча соттун чечимдеринин күчүнө киришин, Кыргыз Республиканын 7 жараны күтүүдө.