Ысык-Көл жана Челябинск облустарынын өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу болуп өттү

720

2022-жылдын 15-декабрында Кыргызстандын Ыссык-Көл жана Россиянын Челябинск облусунун өкүлдөрүнүн кезектеги онлайн конференция жолугушуусу болуп, ага Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкери катышты.

Жолугушууда индустриалдык парктар, технопарктар, жана кластердик демилгелер түрүндө даяр инфраструктурасы бар өнөр жай аянтчаларын түзүү боюнча тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Россия тарабынан Ыссык-Көл облусунун өкүлдөрүнө кызыккан өнөр жай аянтчаларын түзүү тажрыйбасы менен бөлүштү. Тараптардын конкреттүү кызматташтык маселелери кезектеги жолугушууда талкууланат.

Бул жааттагы кызматташуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Челябинск облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-жылдын 19-июлундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча жол картасында каралган. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK