Екатеринбург шаарында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата класстык саат болуп өттү

144

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата 2023-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун кызматкерлери Екатеринбург шаарындагы орто мектепте билим алып жатышкан жаш мекендештер – Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуу өткөрүштү.

Мектеп мугалимдери тарабынан уюштурулган класстык сааттын алкагында өткөн жолугушууда дипломаттар окуучуларды Кыргыз Республикасынын Негизги мыйзамынын мааракеси менен куттуктап, анын кыргызстандыктар үчүн, өлкөнүн мамлекеттик, экономикалык өнүгүүсүндөгү, ошондой эле коомдук турмушундагы орду жана мааниси тууралуу айтып беришти. Иш-чара Кыргызстандын тарыхын жана Конституциясын чагылдырган видео роликтер менен коштолду.

Мындан тышкары, катышуучуларга Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле аларга консулдук кызматтарды көрсөтүү боюнча Башкы консулдук тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK