Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Р.Бийбосунов Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты

110

2023-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата «Улуу Ата Мекендик согуш. Менин үй-бүлөмдүн баатырлары» акциясына катышып, Урал мамлекеттик экономикалык университетинде студенттер менен маектешти. 

Р.Бийбосунов өз сөзүндө Улуу Ата Мекендик согушта совет элинин жалпы Жеңишине кыргыз элинин кошкон салымы тууралуу айтып берди.

Россиянын «Билим» коому тарабынан уюштурулган иш-чарага Урал мамлекеттик экономикалык университетинин ректору Я.П. Силин, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү А.В. Харлов жана Екатеринбургда аккредиттелген КМШ өлкөлөрүнүн консулдук мекемелеринин жетекчилери катышты.

Мурунку күнү, 9-майда Р.Бийбосунов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана тылдын эмгекчилеринин, Свердлов облусунун, Екатеринбург шаарынын, аймактык мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, чет өлкөлүк консулдук мекемелердин жетекчилеринин жана шаардын тургундарынын катышуусунда «Эскерүү» аза күтүү аземине катышты.

Салтанаттын катышуучулары Широкореченский аскердик мемориалдык комплексиндеги өчпөс отко гүлчамбарларды жана гүлдөрдү коюшуп, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине таазим кылышты. Бул комплексте согушта катышкан кыргызстандыктар да коюлган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK