Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери “Ыр кесе” маданий иш-чарага катышты

128

2023-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Ыр кесе” маданий иш-чарага катышышты.

Свердлов облусундагы Кыргызстандын жарандарына жардам берүү «Нарын - Ала-Тоо» автономиялык коммерциялык эмес уюму тарабынан уюштурулган чыгармачылык кечеде Екатеринбург шаарында жана Россиянын башка аймактарында жашаган мекендештердин катышуусунда кыргыздын улуттук ырлары, обондору, бийлери аткарылды.

Кеченин башында Башкы консулдуктун, Свердлов облусунун Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана администрациясынын, Екатеринбург шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, ошондой эле маданий программанын уюштуруучулары сөз сүйлөштү.

Чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө элдин маданиятын, каада-салтын, тилин сактоого жана өнүктүрүүгө, өсүп келе жаткан муундарды бул баалуулуктар менен тааныштырууга багытталган мындай иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгү айтылды. Башкы консулдуктун өкүлү Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк маданиятка кошкон салымын белгилеп, мекендештерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен куттуктап, өлкөнүн Негизги мыйзамынын орду жана маанисине токтолду. Мындан тышкары, миграциялык мыйзамдардагы өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берди.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK