Башкы консулдуктун кызматкерлери Екатеринбург шаарындагы Чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайына барышты
2023-жылдын 16-майында Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо иштеринин алкагында, Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Екатеринбург шаарындагы Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына барышты (мындан ары - ЧӨЖУКЖ).
Башкы консулдуктун кызматкерлери ЧӨЖУКЖда Кыргызстандын жарандары менен жолугушууларды өткөрүп, мекенге кайтып кетүү үчүн документтерди тариздөө боюнча түшүндүрмөлөрдү берип, кызыктырган суроолоруна жооп беришти.
Маалымат үчүн: Учурда Россия Федерациясынын аймагынан административдик чыгаруу боюнча соттун чечимдеринин күчүнө киришин күтүп, ЧӨЖУКЖда Кыргыз Республикасынын 10 жараны кармалууда.