Екатеринбург жана Челябинск шаарларында Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү боюнча презентация өттү

107

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун колдоосу менен Кыргызстандын «Инфо сервис» туристтик компаниясы 2023-жылдын 23-24-майында Екатеринбург жана Челябинск шаарларында Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө презентация өткөрдү.

Жолугушууларда Россиянын эки аймагынын алдыңкы туристтик компаниялары жана операторлору катышты. Иш чарада Башкы консулдуктун кызматкери, Свердлов облусунун «Туризмди өнүктүрүү борбору» мамлекеттик бюджеттик мекемесинин директорунун м.а. Иван Пономарев, Челябинск облусунун Туризмди өнүктүрүүнү координациялоо башкармалыгынын начальнигинин орун басарынын м.а. – Туризм чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Евгения Данилина, Екатеринбург шаарынын администрациясынын Департаментинин башчысынын орун басары – Туризмди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Татьяна Коновалова жана Урал туризм ассоциациясынын президенти Михаил Мальцев катышып, сөз сүйлөштү.

Презентациянын алкагында В2В жолугушуулар өткөрүлүп, видео көрсөтүүлөр жана Кыргызстандын туристтик жерлери жөнүндө жолдонмолор, жарнамалык буклеттер таркатылды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK