Кыргыз Республикасынын Башкы консулунун АК «Урал авиалиния» авиакомпаниясынын жетекчилиги менен жолугушуусу болуп өттү

161

2023-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов «Урал авиалиниялары» ААКнын коммерциялык директорунун орун басары Елена Можавина менен жолугушуу өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар 2023-жылдын 19-июнунда Екатеринбург-Тамчы-Екатеринбург багыты боюнча сезондук авиакаттамды жандандыруунун маанилүүлүгүн белгилешип, жайкы туристтик сезондо абаташуулар жаатында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Уралдын тургундарын Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен кеңири тааныштыруу жана аймактан келген туристтердин агымын көбөйтүү максатында Башкы консулдук «Урал авиалиниялары» ААКсы менен биргелешип, жакынкы аралыкта россиялык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн Ысык-Көл облусуна атайын тур уюштурууну жана Кыргыз Республикасындагы рекреациялык туризм жөнүндө маалыматты авиакомпаниянын учактарындагы бортжурналына жайгаштырууну сунуштады.

Ошондой эле, келечекте Россия Федерациясынын Урал федералдык округунун башка шаарларынан Кыргызстанга туруктуу жана чартердик каттамдарды уюштуруу боюнча пикир алмашуу болду.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK