Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун Төртүнчү каналдын жана Свердлов облусунун аймактык телекөрсөтүү компаниясынын башкаруучусу менен жолугушуусу

139

2023-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Төртүнчү каналдын жана Свердлов облусунун аймактык телекөрсөтүүсү команиясынын башкаруучу Элеонора Расулова менен жолугушуу өткөрдү.

«АК Урал аба жолдору» ААКнын өкүлү дагы катышкан жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Свердлов облусунун телекомпанияларынын ортосундагы кызматташтыкты түзүү, анын ичинде жергиликтүү маалымат ресурстарында өлкөбүздүн туристтик потенциалы тууралуу маалыматтарды жана видеороликтерди жайгаштыруу, ошондой эле Ысык-Көл облусуна региондук массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусундагы пресс-тур уюштуруу боюнча маселелер талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK