Башкы консулдук Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда

141

Укук бузууларды алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү менен биргеликте Кыргызстандын жарандары арасында төмөнкү темалардагы эскертүү видеоматериалдарды Россиянын Урал аймагында жашап жатышкан мекендештердин социалдык тармактары (200гө жакын WhatsApp топтору) аркылуу жайылтуу жана Башкы консулдукка келгендер үчүн күн сайын көрсөтүү менен жүргүзүүдө.

1.Кабыл алуучу өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин сактоо жөнүндө;

2. Жасалма документтерди колдонууга жол берилбестиги жөнүндө;

3. Автоунааны сатып алуу эрежелери жөнүндө;

4. Баңги заттарды таратуу үчүн колдонулушу мүмкүн болгон «Чабармандардын иши жөнүндө»;

5. Баңги заттарды мыйзамсыз таратууга бөгөт коюу жөнүндө.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK