Башкы консулдуктун кызматкерлери Россиянын Свердлов облусу боюнча Жазаларды аткаруу кызматынын башкы башкармалыгынын №10 Түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан кыргыз жарандары менен жолугушту

218

2024-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Свердлов облусу боюнча Россиянын Жазаларды аткаруу кызматынын башкы башкармалыгынын Екатеринбург шаарындагы №10 Түзөтүү мекемесине барышты.

Учурда мекемеде Россиянын аймагында ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын 20 жараны жазаларын өтөшүүдө.

Жолугушууда Башкы консулдуктун кызматкерлери мекендештерге Кыргыз Республикасына которуу жана абактан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жол-жоболорун жана аларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Мындан тышкары, консулдук кызматкерлер Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет мамлекеттин аймагындагы согуш аракеттерине катышуусунун мыйзамсыздыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK