Екатеринбургда эмгек мигранттарынын укуктары талкууланды

236

2024-жылдын 21-22-февралында Екатеринбург шаарында Кыргызстандын Укук коргоо кыймылынын төрагасы, Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча Конгресстин координатору Турсунбек Акун жетектеген делегация болду.

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун катышуусунда Россия Федерациясынын Свердлов облусунун Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Мерзлякова менен жолугукту.

Тараптар Кыргызстан Укук коргоо кыймылы менен Свердлов облустук Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү, эмгек мигранттарынын укуктары бузулган кырдаалдарга чара көрүү маселелерин талкуулашты.

Турсунбек Акун ушул жылдын 17-январында Екатеринбург шаарындагы курулуштардын биринде кыргызстандык жарандарды укук коргоо кызматкерлери тизелетип «каздарча» басууга аргасыз кылган инцидент кыргыз коомчулугу тарабынан оор кабыл алынганын билдирди.

Өз кезегинде Т.Мерзлякова укук коргоо органдары тарабынан келечекте текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө мындай ыкмаларды колдонууга жол бербөө боюнча чаралар көрүлөөрүн билдирди.

Делегация аталган курулушта иштеген Кыргызстандын жарандары менен да өзүнчө маек куруп, алар укук коргоо органдарына эч кандай дооматтар жоктугун билдиришти.

Мындан тышкары, Башкы консулдукта кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилери, аксакалдар жана активисттер менен жолугушуу болуп, анда Турсунбек Акун Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK