Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган кече тууралуу

3292

2019-жылдын 23-сентябрында Екатеринбург шаарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин 30 жылдыгына арналган кече өткөрүлдү.

Иш-чара Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу тарабынан уюштурулуп, Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономика министрлигинин, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы Өкүлчүлүгүнүн, «Кыргызстан-Урал» жана башка жергиликтүү диаспора уюмдарынын, Свердлов облустук жазуучулар союзунун өкүлдөрү, ошондой эле шаардын чыгармачыл жана илимий интеллигенциясы, кыргызстандык студенттер катышты.

Кеченин алкагында Кыргызстан тууралуу видео-түрмөктөр жана викторина, ошондой эле, мамлекеттин залкар инсандары тууралуу эсселерди окуу уюштурулду. Викторинанын жана мыкты эсселер конкурсунун жеңүүчүлөрү Башкы консулдуктун атынан кыргыз классик жазуучуларынын тарыхый китептери жана башка белектер менен сыйланышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK