«Милдеттүү эмгек: эл аралык стандарттар, укуктук колдонуу тажрыйбасы жана мекемелер аралык ѳз ара аракеттенүү» темасында эл аралык конференциясы тууралуу

3463

2019-жылдын 20-ноябрында Екатеринбург шаарында «Милдеттүү эмгек: эл аралык стандарттар, укуктук  колдонуу   тажрыйбасы жана мекемелер аралык ѳз ара аракеттенүү» темасында эл аралык конференция болуп ѳттү. Иш-чара Свердлов облусунун Адам укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, “Улуттар аралык маалымат борбору” Бейѳкмѳт ѳнѳктѳштүгү, “Уральский Дом” коомдук уюму тарабынан уюштурулуп, Эл аралык Эмгек уюмунун (МОТ) 1930-жылдын 28-июнундагы “Милдеттүү эмгек жѳнүндѳ” конвенциясынын 2014-жылдын 11-июнундагы Протоколунун 2020-жылдын 17-январында Россия Федерациясында күчүнѳ киришине карата ѳткѳрүлдү.

Конференцияга  Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдуктардын, Россиянын жана Борбордук Азия ѳлкѳлѳрүнүн (Кыргызстан, Тажикстан, Ѳзбекстан) бир катар эл аралык, бейѳкмѳт, диаспора уюмдарынын жетекчилери жана ѳкүлдѳрү, эмгек жана миграция суроолору боюнча эксперттер, ошондой эле журналисттер катышышты.

Кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов, атташе Чолпон Исанаева, «Эл агартуу» коомдук уюмунун жетекчиси Нуржан Тулегабылова, укук коргоочу Эрнис Сариев катышышты.

Форумдун алкагында милдеттүү эмгекке каршы күрѳшүүнүн эл аралык жана улуттук стандарттары,  мигранттар менен иш алып баруучу мамлекеттик органдардын, бейѳкмѳт уюмдарынын жана иш берүүчү же ортомчу жеке ишканалардын аталган процесстердеги орду боюнча маселелер талкууланды. Милдеттүү эмгектен жапа тарткандардын инсандыгын аныктоо жана аларды мекенине жѳнѳтүү суроолору боюнча эл аралык кызматташуунун учурдагы иш-аракеттери жана келечеги, ошондой эле  мигранттардын мыйзамсыз ишке кирүүсүн алдын алуу үчүн  жумушчулардын топторун алдын ала түзүү механизмдери, адам сатууну алдын алуу жана мигранттардын социалдык укуктарын коргоо боюнча долбоорлор тууралуу суроолордун тегерегинде ой-пикир бѳлүшүү болду. 

Ч. Исанаева «Кыргызстандык мигранттардын Россияда кѳмүскѳ иштѳѳгѳ жана милдеттүү эмгекке кабылуусунун себептери» темасындагы доклад менен сѳз сүйлѳп, учурдагы кѳйгѳйлѳрдү жана аларды чечүү жолдорун белгилеп ѳттү.

Конференциянын жыйынтыгында, Россиянын тиешелүү мамлекеттик органдарына жиберүүгѳ колдонуу үчүн, катышуучулар тараптан жогоруда аталган Протоколду ишке ашырууга карата сунуштар киргизилди.

  • 2019-жылдын 20-ноябрында Екатеринбург шаарында «Милдеттүү эмгек: эл аралык стандарттар, укуктук колдонуу  тажрыйбасы жана мекемелер аралык ѳз ара аракеттенүү» темасында эл аралык конференция болуп ѳттү.
  • 2019-жылдын 20-ноябрында Екатеринбург шаарында «Милдеттүү эмгек: эл аралык стандарттар, укуктук колдонуу  тажрыйбасы жана мекемелер аралык ѳз ара аракеттенүү» темасында эл аралык конференция болуп ѳттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK